КОЧКОР: СЫНАКТАН ӨТКӨН ДИРЕКТОРЛОР

  • 21.08.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, мектепке чейинки,  жалпы, башталгыч кесиптик жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин директорлорунун бош кызмат орундарына өткөрүлгөн конкурстун квалификациялык тестирлөөсүнөн жыйынтыгы менен жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде жаңы жетекчилер дайындалды.

КОЧКОР: СЫНАКТАН ӨТКӨН ДИРЕКТОРЛОР

Алар:

КОЧКОР: СЫНАКТАН ӨТКӨН ДИРЕКТОРЛОР

КОЧКОР: СЫНАКТАН ӨТКӨН ДИРЕКТОРЛОР

КОЧКОР: СЫНАКТАН ӨТКӨН ДИРЕКТОРЛОР

  1. Абдулла Качыбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору болуп Айдаркулов Рысбек Туйгунбекович;
  2. Кайып Темиров атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору болуп Исаева Замира Шаршенкуловна;
  3. «М-Сакин апа» мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору болуп Жунушакунова Гүлжамал Батырбековна дайындалды.

— Жаңы дайындалган жетекчилерге жооптуу жана ардактуу кызматтарында ийгиликтерди каалайбыз! Ар бир жетекчи өзүнүн тажрыйбасын, билимин жана уюштуруучулук жөндөмүн пайдаланып, билим берүү сапатын жогорулатууга, педагогдор үчүн жагымдуу иш шарттарын түзүүгө, окуучулардын жана тарбиялануучулардын сапаттуу билим-тарбия алуусуна өз салымын кошот деп ишенебиз, — дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ороз Солтогулов.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер