КОЧКОР РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

  • 16.04.2025
  • 0

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Мамбетова Мирзат Асанкуловна дайындалды.

КОЧКОР РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

Мирзат Мамбетова 6-июль 1979-жылы Нарын районундагы  Эмгекчил айылында жарык дүйнөгө келген.  Ал 2006-2011-жылдары Нарын мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окуп, тарых адистигин алып чыккан.  Азыркы жаңы орунга дайындалганга чейин Нарын районундагы М.Иманалиев орто мектебинин директору болуп иштеген.

Мирзат Мамбетова 2006-2019-жж. Ж.Өмүралиев атындагы мектебинде тарых мугалими,  2019-2022-жж. Б.Кыязов орто мектебинин директору, 2022-жылдан баштап М.Иманалиев орто мектебинин директору болуп эмгектенип келди.

Мирзат Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеӊешинин депутаты, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеӊешинин депутаты, Аялдар Конгрессинин мүчөсү, Нарын жазуучулар союзунун мүчөсү. Ал эки  китептин автору жана бир нече усулдук колдонмолордун автору. Бир нече эл аралык долбоорлор менен иш алып барган (АРИС, Мерсико, Эл аралык Кызыл Ай Коому USAID, JAZET ж.б.). Кошумча окутуу жана көндүмдөрү боюнча тренер.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын мээримдүү апасы жана эки неберенин камкор таенеси.

Жаңы ордуңуз кут болсун, Мирзат Асанкуловна!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер