КОЧКОР: ЭЛ ӨКҮЛҮ МУГАЛИМДЕР ФОРУМУНА КАТЫШТЫ
- 29.10.2026
- 0
Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков Кочкор районунда «Ак-Булут» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Ормон Нурбек уулу тарабынан уюштурулган «Күчтүү билим – күчтүү мамлекет» аттуу райондук мугалимдер форумуна катышып, билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушту. 
Иш-чаранын алкагында И. Арабаев атындагы мектепке Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаа, ал эми Нинакан Жүндүбаева жана Абдразак Жалпетеков атындагы жалпы билим берүү мектептерине интерактивдүү панелдер тапшырылды. 
Ошондой эле билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги жана жетишкендиктери үчүн бир катар агартуучулар Жогорку Кеңештин Төрагасынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты. 
Депутат Адилет Белеков билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана мугалимдерди колдоого салым кошуп жаткан «Ак-Булут» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Ормон Нурбек уулуна, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагог-новатор Гапыр Мадаминовго, «Калем Лидерлер Академиясынын» негиздөөчүсү Мамбетасан Ибраевге, акын Алтынбек Исмаиловго жана академиянын аткаруучу директору Талант Ниязбековго ыраазычылык билдирди.