КОЧКОР: 147 ОКУУЧУ ОКУУ ЖЫЛЫН ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕ БАШТАЙТ
- 26.08.2026
- 0
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Талаа айылындагы А.Абдыкеримов атындагы орто мектебинин жаңы имараты жаңы окуу жылында колдонууга берилет.

Маалыматка таянсак, 150 окуучуга ылайыкталган жаңы имарат эки кабаттуу болуп, республикалык каржынын эсебинен салынды. Бул үчүн 95 миллион 881 миң сом бөлүнгөн. Имарат типтүү болуп курулуп бардык шарттары бар. Ичи толук эмеректер менен жабдылып, 22 видео камера жана акылдуу коңгуроо орнотулган. Мектептин айланасын тосуу, көрктөндүрүү жана жарыктандыруу иштери да долбоор алкагында жасалат.

Жаңы окуу жылында жаңы имаратта 147 окуучу, 21 мугалим эки кезмет менен окуу процессин башташат.
Окуучулар буга чейин 1983-жылы курулган корпуста жана 2006-жылы ашар жолу менен салынган имаратта окуп келишкен.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер