КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ПРАКТИКАСЫН ЯПОНИЯДАН ӨТҮШӨТ

  • 17.12.2019
  • 0

И. Арабаев атындагы КМУнун жыйырмага жакын студенти быйылкы окуу жылынын соңунда Японияга барып, бир катар компаниялардан практикадан өтүп келишет. Мындай келишимге окуу жайдын ректору Төлөбек Абдырахманов Япониянын IBS компаниясынын өкүлү Ишимура Кожи, MSG компаниясынын өкүлү Хагами Тошики жана И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Япон таануу институтунун директору Айбек Самаровду кабыл алуу учурунда кол койду.  

Жолугушууда Япон таануу институтунда билим алып жаткан студенттерди Японияга жиберип, ал жактан практикадан өткөрүү жана студенттерди иш менен камсыздоо, илимий, практикалык жактан тажрыйба алмашып, бул жакта эмгектенген, япон тилин жакшы билген кыргыз окутуучуларын Японияга жиберүү, Япониядан универстетке окутуучуларды алып келүү сыяктуу бир катар кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Эске салсак, аталган компаниялар И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Япон таануу институтуна материалдык, илимий жактан дайыма колдоо көрсөтүп келишет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер