КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ФЕЙК МААЛЫМАТ МЕНЕН ИШТӨӨНҮ ҮЙРӨНҮШТҮ

  • 04.11.2021
  • 0

И. Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин журналистика кафедрасында окуган студенттерине жалган маалыматтарды аныктоо, аларды коомго жарыялабоо боюнча  “Фактчекинг менен иштөө” аттуу тренинг өткөрүлдү.

Тренингди  Кыргызстандагы “Медиа Өнүктүрүү Борборунун”  медиаэксперти Асель Сооранбаева өтүп, фактчекинг түшүнүгүнөн тартып, бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу болгон Instagram, Facebook, Whatsapp ж.б.у.с. социалдык тармактарда тарап жаткан фейк маалыматтар  жана алардын чын-төгүнүн аныктоо, маалыматка сын көз караш менен кароо, маалыматты иргөө жана аларды анализдөө, текшерүү этаптары жөнүндө кенен маалымат берилди.

2018-жылы “FAKTCHEK.KG” аттуу атайын көз карандысыз онлайн платформа иштелип чыккан. Бул долбоор иштеп баштагандан тартып Кыргызстанда, кыргыз журналистикасында жаңы багыт пайда болду. Бүгүнкү күндө фактчекинг журналисттер, саясатчылар арасында кеңири колдонулат. Ал эми студенттер үчүн эн мааанилүү билгичтик болуп саналат.

Иш-чаранын соңу суроо-жооп менен коштолуп,  “Медиа Өнүктүрүү Борбору”  менен окуу жайдын мындан ары да ар тараптуу кызматташуу маселелери макулдашылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер