КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ БИ-БИ-СИНИН СЫНАГЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛУШТУ

  • 09.09.2020
  • 0

Би-Би-Си Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын студенттери арасында өткөргөн “Сиз Британия тууралуу эмне билесиз?” аттуу интерактивдүү телевикторинада И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунун үч студенти биринчини багындырышты. 

КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ  БИ-БИ-СИНИН СЫНАГЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛУШТУ

 

Сынакка катышкан Нуржанбекова Айжанат, Алимжанова Асел жана Моңолдорова Эмилини  окуу жайдын ректору Төлөбек Абдырахманов, жаштар иштери жана спорт боюнча проректор Жайна Садыкбекова, Манас таануу жана лингвистика институтунун директору Мусаев Сыртбай кабыл алып куттукташты.  Би-Би-Синин кызматкери, белгилүү журналист  Кубат Чекиров ректор Төлөбек Абдырахманов менен жолугушуп, университеттин студенттерге татыктуу билим берип жатканын баса белгилеп, окуу жайга  Би-Би-Синин атынан Ыраазычылык катын  тапшырды.

Сынактын тандоо түрү ушул жылдын 28-августуна чейин жүргүзүлгөн. Ага катышууну каалаган командалар Британия менен Кыргызстандын окшош жактарын кыска жана кызыктуу түшүндүрүп бериши керек болгон.

Экинчи айлампа 28-августтан 2-сентябрга чейин өтүп, тандалып алынган командалар өздөрү окуган окуу жай тууралуу кыска видео презентация сунушташкан. Видеонун узундугу үч мүнөттөн ашпашы керек болчу.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер