КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ АЛДЫДА

  • 28.04.2022
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттери жана окутуучулары Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана тарых факультети тарабынан уюштурулган “Чыгыш тилдери боюнча II Республикалык сынакка” катышып келишти.

КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ АЛДЫДА

 

 

 

 

 

Сынакка Кыргыз улуттук университетинин, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери катышып, түрк, араб, корей, кытай тилдеринин ар кыл деңгээлдери боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттери төмөндөгүдөй орундарга татыктуу болушту:

  1. Түрк тилинен 1-орун Ниязбек кызы Айзат;
  2. Кытай тилинен 1-орун Болчурова Айкерим;
  3. Корей тилинен Аманова Айсулуу 2-деңгээл боюнча 1-орун;
  4. Корей тилинен Оболбекова Нуркыз эң жогорку 5 — деңгээл боюнча 3-орун;
  5. Корей тилинен Мамбетова Бубайша угуп түшүнүү боюнча жогорку баа алып, сертификатка ээ болду.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер