КМУНУН СТУДЕНТИ ЯПОНИЯДА БИЛИМИН УЛАНТАТ

  • 30.08.2023
  • 0

Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун студенти Санжар Айылчиев 2023-2024-окуу жылынын күзгү семестринде академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Япониянын Осака шаарындагы Кансай университетине окууга барат.

КМУНУН СТУДЕНТИ ЯПОНИЯДА БИЛИМИН УЛАНТАТ

Мындай мүмкүнчүлүк КМУнун Азия-Тынч океан аймагындагы UMAP консорциумуна мүчө болгондугуна байланыштуу ишке ашырылууда.

КМУНУН СТУДЕНТИ ЯПОНИЯДА БИЛИМИН УЛАНТАТ

Белгилей кетсек, UMAP консорциуму 1991-жылы негизделген. Учурда бул консорциумга 200дөн ашык университет кирет. 2018-жылы Японтаануу институтунун жетекчилигинин аракети менен уюмга мүчө болуу жөнүндө келишимге кол коюлган. Ага ылайык, И.Арабаев атындагы КМУнун ар бир студенти консорциумга кирген каалаган ЖОЖдун алмашуу программаларына катышууга арыз бере алат.

А.Т, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер