КМУНУН РЕКТОРЛУК КЫЗМАТЫ ҮЧҮН БЕШ  ТАЛАПКЕР АТ САЛЫШАТ  

  • 12.12.2020
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ректорлук кызматка шайлоо 24-декабрда өтөт. Жетекчилик кызматка ат салышуу үчүн беш талапкер катталды.  

Алар төмөнкүлөр: окуу жайды жетектеп келе жаткан, тарых илимдеринин доктору, профессор Абдырахманов Төлөбек,  ушул эле окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, психология илимдеринин кандидаты Коңурбаев Тууганбай, физика- математика илимдеринин кандидаты, доцент  Бексултанов Жеңиш, биология илимдеринин кандидаты, доцент Карымшаков Өмүрбек, техника илимдеринин доктору, доцент Курманбек уулу Талантбек.  

Талапка ылайык, шайлоодо эӊ көп добуш топтогон үч талапкердин тизмеси Өкмөткө сунушталат, Өкмөт талапкерлердин тизмесин карап чыгып, татыктуусун бекитет.

Бөлүшүү

Комментарийлер