КМУНУН ПРОФЕССОРУ ШКУНУН ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУНА КАТЫШТЫ
- 16.07.2026
- 0
Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 25 жылдыгына арналган «ШКУ өлкөлөрүнүн цивилизациялар диалогу – 2026» эл аралык форуму болуп өттү.
Иш-чарага И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана башкаруу институтунун директору, УИАнын мүчө-корреспонденти, профессор Чолпон Койчуманова катышты.
Форумдун алкагында уюштурулган «ШКУнун үлгүсү: гуманитардык алмашуулар» аттуу тегерек столдо профессор Ч. Койчуманова илимий баяндама жасады. Ал өз сөзүндө Борбордук Азия мамлекеттери менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалына жана келечегине кеңири илимий талдоо жүргүзүп, өзгөчө билим берүү, илим жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Белгилей кетсек, бул эл аралык иш-чара өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө жана цивилизациялар аралык өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Форумда маалымат каражаттарынын кызматташуусу, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, заманбап технологиялар жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланды.
А.К., «КБ»
Комментарийлер