КМУнун ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИАТТАРЫН РЕКТОР КАБЫЛ АЛДЫ

  • 08.02.2021
  • 0

Окууда, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштерде айырмалангандыгы үчүн КМУнун 4-курсунун студенттери Таштанбаева Айгерим (педагогика факультети), Полотбек кызы Токтогүл (Мамлекеттик тил жана маданият иснтитуту), Турусбек кызы Асел (физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети) жана Мааданбекова Айым (Манас таануу жана лингвистика институту) Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына ээ болушту.

Аталган сыйлыкты алар 2020-жылдын 25-декабрында ошол кездеги Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун колунан алышкан.

Президенттик стипендия өлкө башчысынын билим берүү фонду тарабынан жыл сайын берилип, таланттуу, мыкты жаштарды колдоо максатын көздөйт. Стипендияга татыктуу ар бир студентке 50 миң сомдон акчалай сыйлык берилет. Белгилей кетсек, былтыр Президенттик стипендияга 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн 29 жогорку окуу жайынан 70 мыкты студент ээ болгон.

Президенттик стипендияга ээ болгон студенттерди жана КМУнун жаштар иштери, спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызын университеттин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов кабыл алып, студенттерди ийгиликке жетиши менен куттуктады. Алардын окууларына жана мындан аркы турмуш жолдоруна байсалдуу, албан ийгиликтерди каалады.

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер