КМУнун окутуучусу эл аралык конференцияда

  • 11.09.2024
  • 0

Кыргыз мамлекеттик университетннин Табигый илимдер жана туризм институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Мирлан Дылдаев Кытайдын Хуаньшань шаарында өткөн II эл аралык Ыраакы космостук изилдөөлөр конференциясына катышты.

КМУнун окутуучусу эл аралык конференцияда

Конференцияда профессор «Кыргызстанда STEM билим берүүнү өнүктүрүүдө космостук изилдөөлөрдүн ролу» аталышындагы баяндамасын окуп, бул Кыргызстандагы маанилүү маселелеринин бири экендигин баса белгиледи. STEM билим берүүнүн интеграцияланган ыкмаларын ишке ашыруу, STEM ыкмаларын билим берүүгө интеграциялоо Кыргызстанда адистерди даярдоо үчүн маанилүү экендигин айтты.

КМУнун окутуучусу эл аралык конференцияда

Айрыкча физика, химия, география, экология багыттарында студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу үчүн космос мейкиндигин изилдөө жаатындагы илимий изилдөөлөр менен илимдин интеграциясы негизги көрсөткүчтөрдүн бири экендигин, космостук жетишкендиктерди пайдалануу жана аны үйрөнүү дүйнөлүк процесстерди, космостук телолордун жана кубулуштардын планеталык процесстердин жүрүшүнө тийгизген таасирин, анын ичинде Жер планетасындагы экологиялык процесстерди комплекстуу түшүнүүнү камсыз кыларын белгиледи.

Аталган форумга отуздан ашык өлкөнүн окумуштуулары, космостук агенттиктеринин жана аэронавигациялык мекемелердин кызматкерлери катышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер