КМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ АЛМАТЫДА ЛЕКЦИЯ ӨТҮҮДӨ

  • 16.02.2024
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун окутуучулары Алматы гуманитардык-экономикалык университетинде конок-лекцияларды өтүүдө.

КМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ АЛМАТЫДА ЛЕКЦИЯ ӨТҮҮДӨ

Окуу жайдын окутуучулары Казакстан Республикасынын Алматы гуманитардык-экономикалык университети менен түзүлгөн келишиминин негизинде академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу максатында, аталган университеттин профессордук-окутуучулук курамына жана студенттерине үч багытта конок-лекцияларды өтүүдө.

КМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ АЛМАТЫДА ЛЕКЦИЯ ӨТҮҮДӨ

«Генетика» предмети боюнча биология илимдеринин кандидаты, профессор Г.Шаршеналиева, «Дүйнөнүн социалдык экономикалык географиясы” боюнча география илимдеринин кандидаты, доцент Д.Солпуева жана «Органикалык химия» предмети боюнча химия илимдеринин кандидаты, доцент Г.Насирдиновалар конок-лекцияларды окуду. Андан сырткары, алар окуу жайдын окутуучуларынын сабактарына катышып, материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

КМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ АЛМАТЫДА ЛЕКЦИЯ ӨТҮҮДӨ

Белгилей кетсек, И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун II курсунун 3 студенти 3 профиль боюнча Казакстан Республикасынын Алматы гуманитардык-экономикалык университетинде академиялык мобилдүүлүк программасы алкагында окуп жатышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер