КМУНУН ӨКҮЛДӨРҮ «МАНАС ЖАНА МАХАБХАРАТА» БОРБОРУНУН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ
- 08.07.2026
- 0
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин өкүлдөрү «Манас жана Махабхарата» эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борборунун расмий ачылыш аземине катышты.
Бул эл аралык маанидеги иш-чара Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Элчилиги, Индиянын Кыргызстандагы Элчилиги, «Манас» Улуттук академиясы жана Эл аралык мамилелерди изилдөө боюнча CSIR борбору тарабынан биргелешип уюштурулду. Маданият менен илимди айкалыштырган салтанатка КМУнун окуу иштери боюнча проректору Самат Жумалиев, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Акылбек Шаршенбаев, Манас таануу жана адабият кафедрасынын башчысы Бакытжан Мырзатаева баштаган окутуучулар курамы жана студенттер катышып кайтышты.
Иш-чаранын алкагында эки элдин руханий байланышын чыңдаган өзгөчө окуя орун алып, «Манас» эпосунун хинди тилине которулган китебинин бет ачары өттү. Бул баалуу эмгек индиялык окурмандарга кыргыз элинин кылымдарга созулган тарыхын, бай маданиятын жана улуттук дөөлөттөрүн таанытууга багытталган маанилүү тарыхый кадам болуп калмакчы.
Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»



Комментарийлер