КМУнун бир катар окутуучуларына доценттик илимий наамы ыйгарылды
- 03.11.2025
- 0
Бүгүн, 3-ноябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин жыйынында бир катар окумуштууларга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан доценттик илимий наамы жана кандидаттык диплому тапшырылды.
Алар,
— Искусство жана дизайн институтунун музыка кафедрасынын ага окутуучусу, философия илимдеринин кандидаты Нусубалиева Гүлзат Бектуровнага ИЗО боюнча доценттик диплому;
— Мамлекеттик тили жана маданият институтунун кыргыз тили жана анын технологиясы кафедрасынын доц.м.а., филология илимдеринин кандидаты Төлөкова Элмира Турдубаевнага кыргыз тили боюнча доценттик диплому;
— Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар бөлүмүнүн доц.м.а., филология илимдеринин кандидаты Кабатай кызы Айнурага журналистика адистиги боюнча доценттик диплому;
— М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту, педагогика илимдеринин кандидаты Ниязова Айнагуль Маликовнага педагогика боюнча доценттик диплому;
— Педагогика жана психология институтунун педагогика кафедрасынын окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты Жолдошова Бибигүл Алайчиевнага педагогика боюнча доценттик диплому;
— Педагогика жана психология институтунун педагогика, психология жана мектепке чейинки билим берү кафедрасынын доц.м.а., педагогика илимдеринин кандидаты Шамканова Гульмира Джылкычиевнага педагогика боюнча доценттик диплому;
— Табигый илимдер жана туризм институтунун жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Кырбашова Майрамкүл Турганбековнага биология боюнча доценттик диплому;
— М.Р.Рахимова атындагы ККББИнин ага окутуучусу Жумалиева Венера Боронбаевнага тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы диплому;
— Экономика жана менеджмент институтунун окуу жана илимий иштери боюнча директордун орун басары Албанбаева Жылдыз Осмонкуловнага педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы диплому тапшырылды.
(БК)








Комментарийлер