КМУНУН БИОАРТҮРДҮҮЛҮК КАФЕДРАСЫ «ЗОЛОТАЯ КАФЕДРА» НОМИНАЦИЯСЫН ЖЕҢИП АЛДЫ

  • 15.03.2021
  • 0

И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетини биология жана химия факультетинин профессор М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы Россиянын Табигый илимдер академиясынын «Ата мекендик илимдин АЛТЫН ФОНДУ» уюштурган иш-чарада биринчи орунду алып, «Золотая кафедра» номинациясынын диплому, тɵш белгиси менен сыйланды.

КМУНУН БИОАРТҮРДҮҮЛҮК КАФЕДРАСЫ «ЗОЛОТАЯ КАФЕДРА» НОМИНАЦИЯСЫН ЖЕҢИП АЛДЫ

Аталган сыйлыкка кафедранын жамааты илим жаатында ишке ашырган жаңылыктары, окуу-методикалык куралдары жана студенттерге талыкпай билим берүүдɵгү лектордук чеберчиликтери сыяктуу алгылыктуу иштеринин натыйжасында ээ болушту.

Кафедранын бул жетишкендиги — кафедра башчысы, б.и.к., доцент С.Кендирбаева, п.и.д., профессор М.Чоров, б.и.д., профессор М.Ахматов, доцент Б.Абдрахманова, б.и.к., доцент Г.Сазыкулова, б.и.к, доц. м.а. У.Кармышова, п.и.к., доцент Г.Усенгазиева, п.и.к., доцент А.Абдыкапарова, п.и.к., доц. м.а. У.Сапарбаева, ага окутуучулар Р. Акжолтоева, А.Нурманбетова жана окутуучу М.Турсуналиеванын талыкпай иштеген иштеринин үзүрү.

Кафедра башчысы С. Кендирбаева эмгек жамаатына: — Yзүрлүү, талыкпаган, адал эмгегиңиздердин акыбети кайтып, жигердүү чыгармачылыкта билимиңиздерди студенттерге берип, акылмандуулуктун кенчи, тарбия-таалимдин булагы болуп, аман жүрүңүздөр, — деген каалоо-тилегин билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер