КМУНУН БАШКА ЖОЖДОР МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫ КУЛАЧЫН ЖАЮУДА

  • 02.03.2022
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы Ош жана Баткен мамлекеттик университеттеринде иш сапары менен болуп, кызматташтык келишимдери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди.

Кыргыз алиппесинин автору, чыгаан окумуштуу Ишенаалы Арабаевдин атын алган Кыргыз мамлекеттик университети учурда алгачкы агартуучунун 140 жылдыгына байланыштуу бир катар иш-чараларды өткөрүүдө. Жайна Садыкбек кызы “XXI кылымдын кадрлары” аттуу жогорку окуу жайлар  аралык студенттик демилгелер форумунун алкагында кызматташтык келишимдерин түзүү жана жаштар менен жүргүзүлүүчү иш пландын негизинде  билим берүү, илим тармагында узак мөөнөттүү, комплекстүү пландарды биргеликте ишке ашыруу боюнча сүйлөшүп, бир катар биргелешкен пландарды түзүп келди.

Бөлүшүү

Комментарийлер