КМУДА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 04.05.2021
  • 0

30-апрелде И. Арабаев атындагы КМУда 20-апрелде башталган спорттук мелдеш жыйынтыкталды.

Дээрлик 10 күнгө созулган спорттук оюндардын жабылыш аземине университеттин ректору Абдырахманов Төлөбек, проректорлор, институт директорлору, декандар жана окутуучулар катышты. Мелдешке окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүнөн ондон ашык команда катышып, волейбол,  стол тенниси, футбол, бильярд  боюнча күч сынашышты.

Соңунда жыйынтыктар чыгарылып, мыкты командалар, мыкты оюнчулар кубоктор, дипломдор, грамоталар, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Окуу жайдын ректору Т. Абдырахманов спартакиадага катышкан бардык катышуучуларды жакшы оюн көрсөткөндүгү, жакшы жыйынтыкка жетишкендиги менен куттуктап, эмгек жамаатты сергек жашоого үгүттөдү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер