КМУДА РЕКТОР ШАЙЛООДО ТӨЛӨБЕК АБДЫРАХМАНОВ ЖЕҢДИ

  • 24.12.2020
  • 0

Бүгүн Бишкекте И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректорун шайлоо өттү.  

Ректорду шайлоо бир тур менен өтүп, учурдагы ректор, тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абдырахманов 482 добуш менен утуп чыкты.

Жетекчилик кызматка ат салышуу үчүн беш  талапкер катталып, акыркы мүнөттөрдө экөө талапкерлигин алып салды. Натыйжада үч талапкер ат салышып, Төлөбек Абылович утуп чыкты.

P.S. Кыргызстанга таанымал окумуштуу-педагог, ишмер жетекчи Төлөбек Абдракмановду ректор шайлоодо жеңишке жетишкени менен «Кут Билим» газетасынын редакциясы чын жүрөктөн куттуктап, анын кийинки ишине көп-көп ийгиликтерди каалайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер