УСТАТ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
- 16.04.2026
- 0
2026-жылдын 15-апрелинде Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика жана психология институтунун психология факультетинде, психология илиминин кандидаты, профессор Жумалиева Жаңыл Мусабековна менен жолугушуу болуп өттү.

Бул жолугушуу абдан мазмундуу жана пайдалуу болду. Анын жүрүшүндө студенттер университеттин тарыхы боюнча кеңири маалымат алды. Университеттин негизделиши, өнүгүү этаптары жана бүгүнкү күндөгү орду тууралуу кызыктуу фактылар айтылды.
Жаңыл Мусабековна өз сөзүндө психология илиминин мааниси, анын коомдогу ролу жана психолог кесибинин жоопкерчилиги жөнүндө кеңири токтолду. Ал студенттерге билимди терең өздөштүрүү, өз үстүндө иштөө жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү зарыл экенин баса белгиледи.
Жолугушуу учурунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, пайдалуу жоопторду алышты. Бул баарлашуу студенттерге чоң мотивация берип, келечектеги кесипке болгон кызыгууларын арттырды.
Салкынай САЛМООРБЕКОВА, “Кут Билим”, И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти



Комментарийлер