КМУда МЫКТЫ СҮРӨТЧҮЛөР АНЫКТАЛДЫ

  • 23.10.2024
  • 0

23-октябрда Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндөгү” жарлыгына ылайык, «Ак илбирс – Кыргыз Республикасынын улуттук символу» деген окуучулар үчүн уюштурулган сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыкты.

КМУда МЫКТЫ СҮРӨТЧҮЛөР АНЫКТАЛДЫ

Иш-чарага КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, “Германиянын табиятты коргоо союзу (NABU)” коомдук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын жана   International Snow Leopard Trust Илбирсти Коргоо уюмунун өкүлдөрү,  окутуучулар катышты.

Кереге отурумдун алкагында сүрөт сынагынын демөөрчүлөрү – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору жана “Германиянын табиятты коргоо союзу (NABU)» коомдук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы NABU — Кыргызстандын өкүлдөрү сынактын женүүчүлөрүнө диплом, ыраазычылык кат жана белектерди тапшырды.

КМУда МЫКТЫ СҮРӨТЧҮЛөР АНЫКТАЛДЫ

I-даражадагы дипломго профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 7-ж классынын окуучусу Жакыпбекова Айдана, II-даражадагы дипломго Бишкек шаарындагы №55 орто мектебинин 7-г классынын окуучусу Кубанычбекова Дария жана III-даражадагы дипломго профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 6-e классынын окуучусу Бейшекoва Айхан ээ болушту.

Иш-чаранын алкагында ак илбирстин жашоосун, экосистемадагы ролун жана коргоо маселелерин изилдөө максатында “Ак илбирс” квести өттү.   Катышуучулар топторго бөлүнүп, тапшырмаларды аткаруу менен белгилүү бир маршрут менен жүрдү. Квестке беш кишиден турган үч топ түзүлүп, “Илбирстин биологиясы”, “Илбирстин экологиясы”, “Коргоо чаралары” тапшырмаларын аткарышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Германиянын табиятты коргоо союзу (NABU)» коомдук уюмунун КРдагы филиалынын экологиялык билим берүү жана коомчулук менен байланыш бөлүмү тарабынан даярдалган «Илбирс сулуу, аярлуу» темасындагы презентациясын эколог Алтын Казакбаева жасады.

Соңунда катышуучулар өз таасирлерин жана жаңы билгендерин бөлүшүп, илбирс жана анын коргоосуна байланыштуу иш-аракеттер тууралуу талкуулашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер