КМУДА КЕРЕГЕ КЕҢЕШ ӨТТҮ

  • 12.10.2023
  • 0

КМУДА КЕРЕГЕ КЕҢЕШ ӨТТҮ

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Заманбап педагогдордун ишин уюштуруудагы жогорку окуу жай менен мектептин байланышы» аталышындагы кереге кеңеш өттү.
Кереге кеңешке Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева, Бишкек шаарындагы 20дан ашуун мектеп директорлору жана онлайн түрдө өлкөдөгү бардык райондордун өкүлдөрү, окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева, окуу иштери боюнча проректор Талантбек Курманбек уулу катышты.
Жолугушууда учурдагы орто мектептердеги мугалимдер таңкыстыгын жоюунун жол-жоболору талкууланып, бир катар сунуштар берилди.

Алсак, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева ЖОЖдор менен орто мектептердин байланышын жакшыртуу үчүн, университеттин окутуучуларын орто мектептердин ишмердүүлүгү менен жакшылап таанышып, саресеп салуу керектигин баса белгмилеп айтты. Анткени, окутуучулар мектептин ички ашканасы менен толук таанышмайынча талапка ылайык кесипкөй педагог чыгаруу болбойт. Ошондой эле, 4-курстар үчүн практикага бөлүнгөн убакытты узартуу менен студенттердин мектептин талабына көнүп, өз кесиби аркылуу иштеп кетүүсүнө шарт түзүү зарылдыгын билдирди.

Ал эми Кыялбек Акматовдун айтымында, азыркы тапта өлкө боюнча орто мектептерде 800гө жакын мугалим жетишсиз. Мындай таңкысты жоюу үчүн ЖОЖдордон бүткөн бүтүрүүчүлөрдү ошол мектептерге тартуу зарыл. Ага утурлай бүтүрүүчүлөргө санариптик сабаттуулукту колго алып, учурда окутулуп жаткан предметтердин мазмунун жакшыртуу боюнча сунуш киргизүү учурдун талабы.

Кереге кеңештин жыйынтыгында, окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Талант Курманбек уулу Билим берүү жана илим министрлигине жумушчу топ түзүүнү сунуштады. Эгерде суранычы кабыл алынса, келечекте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн мамлекеттик стандартка өзгөртүүлөр киргизилерин кошумчалады.
Кереге кеңеште ректор Айгүл Абдраева, Гульзат Казиева, Назгүл Абдраева, Гүлнара Шаршеналиевалар «Билим берүүнүн абалын жакшыртуу бардык баскычтардын жоопкерчилиги», “Билим берүү процессин долбоорлоого STEM ыкмаларын колдонуу”, “Мектепке чейинки билим берүү мамлекеттик билим берүү стандартына ѳзгѳртүү киргизүү”, «Кыргызстандын гуманитардык-педагогикалык университеттери: фактылар жана негизги тенденциялар» деген темаларда докладдарды окушту.

Бөлүшүү

Комментарийлер