КМУДА ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТӨТ

  • 06.05.2019
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М.Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту ушул жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Илимине эмгек сиңирген ишмер, педагогика илимдеринин доктору, профессор Рахимова Магрифа Рахимовнанын 90 жылдыгына жана институттун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата «Ааламдашуу процесстеринин шартында билим берүү системасын модернизациялоо» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрөт.

Конференция “Психолого-педагогикалык жана гуманитардык билим берүүнүн актуалдуу маселелери” жана “Билим берүү системасындагы табигый-математикалык багытынын абалы жана аны өнүктүрүүнүн жолдору” аттуу эки багытта иш алып барат. Иш-чарада окулган баяндамалар «КМУнун Жарчысы» илимий журналынынын атайын чыгарылышына басылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер