КМУДА ДОЛБООР ЖАЗУУНУН ЖОЛДОРУ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТТҮ

  • 10.06.2020
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун жыйырмага чукул кафедра башчыларына жана профессордук-окутуучулук курамына Кыргызстандагы Эразмус+ программасынын улуттук координатору Гульнара Чокушева эл аралык стандарттагы «Проект жазуунун баштапкы этабын өздөштүрүү» боюнча онлайн тренинг өттү.

КМУДА ДОЛБООР ЖАЗУУНУН ЖОЛДОРУ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТТҮ

Тренингдин максаты — эл аралык долбоорлорду Эразмус+ программасынын талаптарына жараша даярдоо, долбоордун максаттарын анализдөө, көйгөйлөрдү аныктөө, долбоордун түзүмүндөгү компоненттерди талдоо жана долбоорду кабыл алуудагы эксперттердин баалоо критерийлери талкууланды.

Ошону менен бирге, долбоорду башкаруунун методдору, бюджетти эсептөө, проблемаларды максаттарга айландыруу, логикалык матрицаны түзүү сыяктуу практикалык мисалдары талданды.

Кыргызстандагы Эразмус+ улуттук кеңсеси тарабынан катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер