КМУда ДАТА БОРБОРУ АЧЫЛЫП, «БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ» ДОЛБООРУ ИШКЕ КИРЕТ

  • 31.10.2020
  • 0

Жакында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ДАТА борбору ачылып, «Бирдиктүү терезе» долбоору ишке кирет. Учурда даярдык иштери жүрүүдө.

КМУда ДАТА БОРБОРУ АЧЫЛЫП, "БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ" ДОЛБООРУ ИШКЕ КИРЕТ

Ал борборго университеттин бардык маалыматтары электрондук түрдө топтоштурулат  жана  келечекте кагаз түрүндөгү документтер кыскарып, электрондук вариантка өткөрүлөт.

Учурда университеттин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча дагы иш-аракеттер жасалууда. Ректорат жайгашкан 2-корпустун сырты толук сырдалып, айрым окуу-методикалык кабинеттердин терезелери алмашылды. Биринчи корпусу дагы ушундай эле жаңыланып, терезелери алмаштырылат. Студенттер үчүн башкы корпусунун короосуна жыгач жана темирден атайын заманбап шарттагы боз үй жасалып жатат.

КМУда ДАТА БОРБОРУ АЧЫЛЫП, "БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ" ДОЛБООРУ ИШКЕ КИРЕТ

Бөлүшүү

Комментарийлер