КМУДА ЧОҢДОРГО БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ
- 14.10.2026
- 0
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеtинде Кыргызстанда чоңдорду окутуунун VI декадасынын алкагында «Чоңдорго билим берүүдөгү заманбап тренддер: санариптик технологиялар, инклюзия жана туруктуу өнүгүү» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция башталды. 
Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлү Хадича Шамбеталиева, DVV International уюмунун Борбордук Азия боюнча региондук директору Галина Веремейчик, ошондой эле Германия, Түштүк Корея, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын алдыңкы университеттеринин профессорлору, эксперттери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда.
Конференциянын негизги максаты — чоңдорго билим берүү тармагындагы заманбап тенденцияларды, санариптик технологияларды, инклюзивдүү билим берүүнү жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү жолдорун талкуулоо, ошондой эле илимий-практикалык тажрыйба алмашуу болуп саналат. 
Жыйында төмөнкү эл аралык эксперттер баяндама жасашууда:
Лиза Брайтшвердт (Вюрцбург университети, Германия) — «Медиа каражаттарын колдонгон билим берүү форматтары. Жогорку жана чоңдорго билим берүүдөгү синхрондук-гибриддик окутуу форматтары»;
Ли Ю Ми (Данкук университети, Түштүк Корея) жана Уктам Хужаназаров (Ташкент мамлекеттик педагогикалык университети, Өзбекстан) — «Борбор Азиядагы жашыл трансформация үчүн чоңдорго билим берүү: Өзбекстанда жана Кыргызстанда жамааттар деңгээлиндеги экологиялык билим берүү жана климаттык аракеттер»;
Молдир Талпакова (Көкшетау университети, Казакстан) — «Чоңдорго билим берүү аркылуу туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн куралы катары “Күмүш университет” модели».
Аталган масштабдуу иш-чара КМУнун М.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан уюштурулду.
А.К., «КБ»

