КМУДА АНГЛИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИН ДАЯРДООГО ЖАНА ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК СЕМИНАР БАШТАЛДЫ
- 19.08.2026
- 0
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде англис тили мугалимдерин педагогикалык жактан даярдоого жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө инклюзивдүү билим берүү системаларын өнүктүрүүгө багытталган эл аралык семинар өз ишин баштады. Бул иш-чара Британдык Кеңеш тарабынан ишке ашырылып жаткан AELLCA (Accelerating English Language Learning in Central Asia) долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. 
Педагогдордун кесиптик даярдыгын жогорулатууну көздөгөн бул семинар Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жана КМУнун биргелешкен аракети менен уюштурулду. Иш-чаранын расмий ачылышына КМУнун ректору Айгүл Абдраева, министрликтин башкы адиси Хадича Шамбеталиева, ошондой эле университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана тиешелүү адистер катышты. 
Жыйындын негизги максаты — англис тили мугалимдерин даярдоо боюнча окуу программаларын заманбап талаптарга ылайык жаңылоонун жүрүшүндө билим берүү адистерине усулдук жана практикалык жактан ар тараптуу колдоо көрсөтүү болуп саналат. Бул долбоор келечектеги мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу менен бирге, жалпы эле билим берүү системасында инклюзивдүүлүктү камсыз кылууга олуттуу салым кошот деп күтүлүүдө.
А.К., «КБ»
Комментарийлер