КМУДА АГАЙЛАР АРАСЫНДА БИЛЬЯРД БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

  • 23.04.2021
  • 0

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбекова жана дене тарбия бөлүмүнүн башчысы Азамат Жарматовдун демилгеси менен окуу жайдын агайларынын ортосунда бильярд боюнча мелдеш өттү.

Мелдеш борбор калаадагы «Манас» бильярд клубунда уюштурулуп, жыйырмадан ашык оюнчу күч сынашты. Ачылышына КМУнун окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов баштаган ректораттын мүчөлөрү, факультет декандары жана окутуучулар жамааты катышты.

Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо болуп эсептелет.

Бөлүшүү

Комментарийлер