КМУ – ЖЫЛДЫН МЫКТЫ УНИВЕРСИТЕТИ

  • 03.02.2023
  • 0

КМУ – ЖЫЛДЫН МЫКТЫ УНИВЕРСИТЕТИ

IARC Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору тарабынан И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети “Жылдын мыкты университети — 2022” деп аныкталды. 

Канаданын Монреаль шаарында жайгашкан IARC Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору илим, билим берүү, өнөр жай, бизнес жана технология тармагындагы таланттуу адистердин ийгиликке жетүүсүнө өбөлгө түзгөн эл аралык уюм.

IARC борборунун жөнөткөн куттуктоосунда белгиленгендей, университеттин потенциалы, ишмердүүлүгү, илимий жетишкендиктери жана эл аралык мамилелердеги ийгиликтерине эксперттер тарабынан баа берилип, Кыргыз мамлекеттик университети аталган борбордун эл аралык мамилелер багытындагы сынагында жеңишке жетти.

Бөлүшүү

Комментарийлер