КМУ ЯПОНИЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 29.09.2021
  • 0

И. Арабаев атындагы КМУнун биринчи проректору, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов Япониядан келген өкүлдөр менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койду.

Жолугушууда япондор КМУга медициналык колледж ачууга кызыктар экендигин билдиришти. Ошондой эле, Япон таануу институтунун ишин кеңейтип, окуу борборлорун түзүү үчүн аракеттерди көрүп жатышканын айтышып, быйылкы окуу жылынан баштап, кыргыз студенттерин Япониядан окутууга даяр экендигин баса белгилешти.

Маалым болгондой, быйыл И. Арабаев атындагы КМУнун Япон таануу институтунда окуган 10дон ашык студент Япония өлкөсүнө барып билим алып келүү алдында турат.

Бөлүшүү

Комментарийлер