КМУ — ЯПОНИЯ КЫЗМАТТАШТЫГЫ УЛАНАТ

  • 12.05.2021
  • 0

11-майда И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов университеттеги Япон таануу институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири Ецухаши Мичинори жана институттун директору Айбек Самаровду кабыл алды.

Жолугушууда аталган институттун быйылкы окуу жылынын аякташы жана алдыдагы жаңы окуу жылына болгон иш пландары боюнча ой бөлүшүштү.

Ецухаши Мичинори аталган институттун ишин дагы да күчтөнтүүгө, студенттердин, окутуучулардын санын арбытууга кызыктар экендигин, Япония өлкөсүндөгү алдыңкы окуу жайлар менен КМУнун ортосундагы алака-кызматташтыкты бекемдөөнү уланта берээрин баса белгиледи.

Т. Абдырахманов дагы институттун негиздөөчүсүнө ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташуунун улана беришине тилектеш экендигин айтты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер