КМУ РОССИЯ МЕНЕН АЛАКАСЫН ЧЫҢДООДО

  • 07.12.2021
  • 0

Россиянын Мамлекеттик Думасынын алдындагы Жаштар Парламентинин Эл аралык иштер боюнча эксперттик кеңешинин төрайымы Еракина Елена, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Удовиченко Николай, тарых илимдеринин доктору, окумуштуу Широков Олег ж.б. Москвадан келген агартуучу, окумуштуулар И. Арабаев атындагы КМУда болуп, окуу жайдын жетекчилиги жана жамааты менен жолукту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, И. Арабаев атындагы КМУ менен Москвадагы алдыңкы окуу жайлары менен болгон карым-катышты бекемдөө маселелери талкууланды.

Оруссиядагы алдыңкы окуу жайларда эмгектенген окумуштуулар КМУнун жетекчилигине жогору баасын берип, кызматташууга кызыктарлыгын билдиришти.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер