КМУ МУГАЛИМДЕРГЕ КОЛ СУНАТ

  • 19.04.2022
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУда мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн маалыматтык-коммуникативдик  технологияларды окуу процессинде колдонууну жайылтуу максатында уюштурулган  «Санариптешүү: кесиптик ишмердикке заманбап мамиле» аттуу семинар-тренинг өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген агартуучулар катышты.

КМУ МУГАЛИМДЕРГЕ КОЛ СУНАТ

Иш-чара «И.Арабаев атындагы КМУ мектеп мугалимдерине кол сунат» аттуу иш-чаралар түрмөгүнүн алкагында, Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду. Тренинг алты секциядан туруп, тренерлер – С.Каратаева, Р.Абдуллаева, К.Садыкова, Р.Мамбетова жана Н.Масалиева мугалимдерге санарип технологияларды сабактарда колдонуу боюнча алгач маалымат берип, андан кийин практика жүзүндө көрсөтүштү.

Кыргыз мамлекеттик университети өлкөдөгү педагогикалык багыттагы жогорку окуу жайларынын флагманы болгондуктан педагогдорду даярдоо менен гана чектелбестен, алардын кесиптик квалификациясын жогорулатуу жаатында да системалуу түрдө өз үлүшүн кошуп келет.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер