КМУ “МИРАС” УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН ОНЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРДҮ

  • 26.04.2020
  • 0

24-апрелде Казакстандын «Мирас» университети менен И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультети биргелешип «Miras science Online» аттуу эл аралык илимий конференция ѳткөрдү.

КМУ  “МИРАС” УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН ОНЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРДҮ

Педагогика жана психология, дефектология, педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы секторуна  КМУнун педагогика факультетинин деканы Дж.Байсалов, кафедралардын окутуучулары, Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз-ϴзбек университетинин окутуучулары, Ош шаарындагы «Жетиген» мектеп-лицейинин директору К.Акматов, ЖОЖдордун студенттери катышышты.

Педагогика факультетинин окутуучусу Н.Абдраева «Келечектеги педагогдордун илимий-изилдөө маданиятын калыптандыруу» деген темада слайд түрүндѳ, интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен баяндама жасады.

Мындан сырткары практик-психолог Т.Бажан «Креативдүү ой жүгүртүүнү өнүктүрүү», Г.Вероцкая «Өздүк натыйжалуулукту жогорулатуу» аттуу баяндамаларды жасашты.  Акырында уюштуруучулар, катышуучулар баяндамачыларга жылуу пикирлерин билдиришип, учурда дал ушундай конференциялардын ЖОЖдор үчүн маанилүү болуп жаткандыгына токтолушту. ϴз кезегинде «Мирас» университети Дж.Байсаловго, уюштуруу иштери жана жасаган илимий баяндамасы үчүн Н.Абдраевага ыраазычылык билдирип, конференцияда айтылган ойлорду, макала-баяндамаларды казак тарап илимий журналга бекер чыгара тургандыгын айтышты.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер