КМУ МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНЕ КОЛ СУНАТ

  • 31.03.2022
  • 0

30-мартта И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинде мектеп мугалимдерине арналган илимий-практикалык семинар болуп өттү.

 КМУ МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНЕ КОЛ СУНАТ

Жыйынга Чүй облусунун алты районунан орто мектептердин тарых мугалимдери катышты. Иш-чара жогорку окуу жайлар менен мектептердин байланышын чыңдоо максатында уюштурулду.

КМУнун окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов куттуктоо сөзүндө университет педагогикалык багыттагы окуу жай болгондуктан, мектептер менен тыгыз кызматташууга мидеттүү экенин баса белгиледи.

Семинарга катышкан Чуй облустук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Кундуз Абдраева семинар абдан маанилүү экенине токтолуп, мектеп мугалимдерине ийгилик каалап, университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, болуп өткөн илимий-практикалык иш-чараны университеттин тарых жана социалдык укуктук билим берүү факультетинин деканы Назира Курбанова башында турган эмгек жамаат уюштурду. Семинарга мектепте эмгектенген 176 мугалим катышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер