КМУ КЫТАЙДЫН ЦЗИНАНЬ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 04.08.2026
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Кытай Эл Республикасынын Цзинань университетинин ортосунда эл аралык өнөктөштүктү чыңдоого багытталган онлайн жолугушуу өттү. КМУ КЫТАЙДЫН ЦЗИНАНЬ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТИш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева баштаган жетекчилик курам, анын ичинде окуу иштери боюнча проректор Самат Жумалиев, илим жана инновациялар боюнча проректор Айгүл Чалданбаева, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, окуу башкармалыгынын башчысы Эдил Амантур уулу жана Кыргыз–Кытай факультетинин деканы Гүлсайра Ибраимова катышты.  КМУ КЫТАЙДЫН ЦЗИНАНЬ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТЖолугушуунун алкагында тараптар эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн башкы максаты — окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн жогорулатуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, аралык эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу, кош дипломдуу билим берүү программаларын түзүү жана профессордук-окутуучулар курамынын квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер