ТАЛАС: «БАЛАСТАН» ОЮН-ЗООК БОРБОРУНУН 85 ПАЙЫЗЫ КУРУЛУП БҮТТҮ
- 17.08.2026
- 0
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас шаарында курулуп жаткан «Баластан» балдар оюн-зоок борборундагы иштердин жүрүшү менен таанышты. Бүгүнкү күндө аталган объектте курулуш иштеринин 85 пайызы аяктап, учурда 400гө жакын жумушчу активдүү эмгектенүүдө.
Жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн бул масштабдуу комплекс 9 корпустан турат. Долбоорго ылайык, борбордо заманбап аттракциондор, балдар үчүн оюн аянтчалары, анын ичинде өзгөчө камкордукка муктаж балдар үчүн атайын зоналар, кинотеатр, конгресс-зал, коомдук тамактануу жана үй-бүлөлүк эс алуу жайлары каралган.

Иш сапардын алкагында министр курулуштун сапатына жана мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү жооптуу кызматкерлерге жумуштарды белгиленген графикке ылайык, эң башкысы сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, «Баластан» борбору толук пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашуун жаңы жумуш орду түзүлүп, ал Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошору күтүлүүдө.
А.К., «КБ»




Комментарийлер