ДЕПУТАТ НУРБЕК СЫДЫГАЛИЕВ ЖУМГАЛДА ЖРТДАН ЖОГОРКУ УПАЙ АЛГАН ОКУУЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ

  • 17.08.2026
  • 0

Жогорку Кеңештеги «Ишеним» депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиев Нарын облусунун Жумгал районуна барып, Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) жогорку упайларга ээ болгон окуучуларга, аларды даярдаган мугалимдерге жана билим берүү тармагынын бир катар кызматкерлерине атайын сыйлыктарды тапшырды. ДЕПУТАТ НУРБЕК СЫДЫГАЛИЕВ ЖУМГАЛДА ЖРТДАН ЖОГОРКУ УПАЙ АЛГАН ОКУУЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫИш-чаранын жүрүшүндө эл өкүлү сыйлык ээлерин куттуктап, окуучулардын жетишкендиктерин учурунда баалоо аларды окууга дагы да шыктандырууга жана жалпы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

«Бүгүнкү окуучу – өлкөнүн эртеңки келечеги. Алардын арасынан келечекте илимпоздор, дарыгерлер, мугалимдер, инженерлер жана мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо турган кесипкөй инсандар өсүп чыгат. Ошондуктан жаштардын билимге болгон умтулуусун колдоп туруу – жалпыбыздын милдетибиз», – деди Нурбек Сыдыгалиев. Ошондой эле ал Жумгал районунун билим берүү тармагындагы көрсөткүчтөрү туруктуу өсүп жатканын айтып, буга былтыркы окуу жылындагы ЖРТнын орточо упайы 120ны түзсө, быйылкы окуу жылында ал 122 упайга жогорулаганын мисал кылды. ДЕПУТАТ НУРБЕК СЫДЫГАЛИЕВ ЖУМГАЛДА ЖРТДАН ЖОГОРКУ УПАЙ АЛГАН ОКУУЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫЖолугушуунун алкагында эң жогорку упай алган окуучуларга жана алардын мугалимдерине жалпы суммасы 385 миң сомду түзгөн акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары, райондогу айрым мектептердин жана бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында жалпы суммасы 500 миң сомду түзгөн 5 даана электр меши берилди. Аны менен катар эле, аймактагы калктын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө кошкон салымы үчүн Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн бир катар кызматкерлери жана жеке ишкерлер Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы, медалы жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты. ДЕПУТАТ НУРБЕК СЫДЫГАЛИЕВ ЖУМГАЛДА ЖРТДАН ЖОГОРКУ УПАЙ АЛГАН ОКУУЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫСөз соңунда депутат Нурбек Сыдыгалиев мындай колдоо дагы да улантыларын белгилеп: «Бүгүнкү күндө билим берүү тармагына коюлган талаптар абдан жогору. Биз ар бир баланын жөндөмүн өз убагында байкап, талантын ачуу менен аларга туура багыт беришибиз зарыл. Бул үчүн жалпыбыз биргелешип аракет кылышыбыз керек», — деп жыйынтыктады.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер