“БИРИМДИГИБИЗ МЕНЕН ҮЛГҮ БОЛУП, МАДАНИЯТЫБЫЗДЫ ДАҢАЗАЛАЙЛЫ” Д.ОРУНБЕКОВ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ
- 17.08.2026
- 0
Жакында өлкөбүздө өтө турган эл аралык маанидеги чоң иш-чараларды утурлай Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жарандарга кайрылуу жасады:
«Урматтуу мекендештер, кымбаттуу кыргызстандыктар!
Алдыда өлкөбүздө маанилүү эл аралык масштабдагы иш-чаралар өткөнү турат. Ага байланыштуу айрым жолдор убактылуу жабылып, кыймылга чектөөлөр киргизилерин алдын ала коомчулукка айтып келдик.
Албетте, бул айрымдарга ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Бирок келгиле, ушул күндөрү бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылып, сабырдуулугубуз жана маданиятыбыз менен үлгү бололу.
Келген коноктор кыргызстандыктардын кең пейилин, намысын, маданиятын жана адамгерчилигин көрүп кетсин.
Келгиле, бул күндөрү ар-бирибиз колдон келген жардамыбызды берип, тартипти сактап, бири-бирибизге кол кабыш кылалы. Анткени бул бир эле мамлекеттик иш эмес. Бул — ар бирибизге тиешелүү жоопкерчилик. Бул — Кыргызстаныбыздын жүзү.
Кыргыз элинин биримдиги, ынтымагы жана адамгерчилиги ар дайым кыйын учурда өзгөчө көрүнүп келген.
Ар кандай кыйынчылык келгенде элибиз бири-бирине кол сунуп, жардам берип, муктаж болгондорду жалгыз калтырбай, бир муштум болуп биригип келет. Бул сапатыбызды далай ирет далилдеп, дүйнөгө да көрсөтүп келебиз. Эми ошол ынтымагыбызды жакшы күндөрдө да көрсөтөлү. Биримдигибизди иш менен далилдеп, Кыргызстанды татыктуу көрсөтөлү.
Биримдигибиз менен үлгү бололу. Маданиятыбызды даңазалайлы.
Кыргызстанды татыктуу көрсөтөлү», — деп кайрылган Д.Орунбеков.
Комментарийлер