КМУ КОРЕЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫН ЧЫҢДООДО
- 11.09.2024
- 0
9-сентябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Кореянын Кёңсаңбукто провинциясынын губернатору Ли Чоль У, Кореянын белгилүү университеттеринин жетекчилери, «ТэкёнгИльбо» Корея билим берүү борборунун директору, YTN телеканалынын жана «Мail» гезитинин кабарчыларынын түзүлгөн делегация келди.
Делегациянын келиши эки өлкөнүн билим берүү чөйрөсүндөгү достук жана кызматташтык мамилелерин өркүндөтүүгө арналган маанилүү кадамдардын башаты болду.
Иш-чарага Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ким Кванджэ, Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Аида Исмаилова, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Түштүк Кореянын Кёнсанбукто провинциясынын губернатору Ли Чоль У, Кёнсанбукто провинциясынын парламентинин депутаттары жана жогорку окуу жайлардын эл аралык байланыштар боюнча бөлүм башчылары катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз мамлекеттик университетинде Түштүк Корея Республикасынын делегациясы менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын эл аралык байланыштар боюнча бөлүм башчыларынын кызматкерлери эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү жана билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле Кёңсаңбукто провинциясынын губернатору Ли Чоль У кыргызстандык студенттерге Кёңсаңбукто провинциясында чет элдик студенттер үчүн сунушталган окуу программалары тууралуу маалымат берип, дарс окуду.
Жарманке өткөрүлүп, катышуучулар билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, шарттары жана стипендиялар тууралуу кеңири маалымат алып, студенттер үчүн оюн-зоок программалары уюштурулду.
Кёңсаңбукто провинциясынын губернатору Ли Чоль У окуу жайга эки дрон белекке тапшырды.
Жолугушуу И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Корея Республикасындагы жогорку окуу жайлар менен ар тараптуу: билим берүү, илим, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда көп жылдардан берки жемиштүү уланып келе жаткан кыргыз-корей кызматташтыгын бекемдөөгө жана келечектеги жаңы долбоорлорду ишке ашырууга чоң өбөлгө түздү.
Комментарийлер