КМУДА КЫШКЫ ЛАГЕРЬ АЧЫЛДЫ

  • 07.02.2023
  • 0

7-февралда КМУнун илимий китпканасында “Асман тиреген тоолордун өлкөсү – Кыргызстанды И.Арабаев атындагы КМУ менен бирге тааны” кышкы лагеринин ачылыш аземи болду. 

КМУДА КЫШКЫ ЛАГЕРЬ АЧЫЛДЫ

Лагерь — Азия-Тынч океан аймагындагы университеттердин мобилдүүлүгүн уюштуруу программаларынын алкагында ишке ашырылып, 10-февралга чейип уланат.

Иш-чаранын биринчи күнүндө, университеттин проректорлору, курам жетекчилери жана студенттер катышты. Профессор Назира Курбанова  кыргыз элинин байыркы доордон азыркы мезгилге чейинки тарыхынын негизги учурларын чагылдырган «Тарыхка экскурсия» аталышындагы обзордук лекция өттү. Профессор Каана Айдаркул азыркы кыргыз коомундагы аялдын орду, үй-бүлөлүк баалуулуктар темасын ачып, “Ала качуу” социалдык видео ролигин тартуулады. Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин «Кыз узатуу» театралдаштырылган оюн-зоок программасы менен аяктады.

Айгерим Токтобаева

Бөлүшүү

Комментарийлер