КМУ ДА “АЧЫК ЭШИК КҮНҮ” ӨТТҮ

  • 14.05.2024
  • 0

Иш-чарага И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, окутуучулар, студенттер, шаар тургундары жана мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты.

КМУ ДА “АЧЫК ЭШИК КҮНҮ” ӨТТҮ

Ачык экшик күнү студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, окуучулар үчүн кесип тандоо боюнча материалдык-техникалык база менен таанышуу максатында экскурсиялар уюштурулду. Иш-чаранын алкагында университеттин кабыл алуу эрежелери, келечектеги кесиптер, эл аралык долбоорлору, институттар, факультеттер жана колледждер тууралуу кеңири маалымат берилди.

Белгилей кетсек, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Ачык эшик күнү” жыл сайын өткөрүлүп келет.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим» 

Бөлүшүү

Комментарийлер