КМУ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА ОШТОН КЕЛИП ОКУП ЖАТКАН СТУДЕНТТЕРДИ УЗАТТЫ
- 17.12.2019
- 0
15-декабрда И. Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультетинде Ош мамлекеттик университетинен жана Ош гуманитардык-педагогикалык институтунан академиялык мобилдүүлүк программасы менен келип окуп жаткан студенттерди факультеттин деканы жана профессордук-окутуучулар курамы Ошко узатты.
Джоомарт Байсалов студенттердин бир семестр ичиндеги билимин жана коомдук иштердеги активдүүлүгүн баалап, аларга бир катар сыйлыктарды тапшырды:
- Окуу жайдын ректоруна ыраазычылык кат;
- Факультетинин деканына ыраазычылык кат;
- Ар бир студентке коомдук ишке активдүү катышкандыгы үчүн сертификат;
- Студенттердин ата-энелерине татыктуу тарбия бергендиги үчүн ыраазычылык кат.
- Келечек муунга татыктуу тарбия бергендиги үчүн окуткан мектебине ыраазычылык кат.
Иш-чарада студенттер Жумаева Адина, Абдыразакова Адина, Календар кызы Кундузкан жана Турдибаева Нурсулуу факультеттин деканына жана окутуучулар курамына ыраазычылык билдиришип, окуу жайдан алган билимин жана окутуучулардын кичи-пейил мамилесин өзгөчө баса белгилешип, бул окуу жайдан көргөн өзгөчөлүктөрдү өздөрү окуган окуу жайына сунуштаарын айтышты.
Комментарийлер