КМТУнун ОКУМУШТУУЛАРЫ ОЙЛОП ТАПКАН АЗЫКТАР РЫНОКТУ БАГЫНДЫРУУДА

  • 23.12.2021
  • 0

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин технология факультетинин окумуштуу-окутуучулары жана студенттери ойлоп тапкан «Мумалак» кычкыл сүт суусундугун жана «Дархан» каймак сырын «Алайку Органикс» компаниясы өндүрөт.   

КМТУнун ОКУМУШТУУЛАРЫ ОЙЛОП ТАПКАН АЗЫКТАР РЫНОКТУ БАГЫНДЫРУУДА

Окуу жайдын окумуштуулары тарабынан өндүрүшкө чыгарууга он табылга сунушталган. Анын экөөсүн табигый азыктарды өндүргөн «Алайку Органикс» компаниясы жактырып, патент алуу үчүн окумуштуулардан автордук укугун сатып алды.

  • Биздин компания жалаң табигый азыктарды чыгарат, азыктарга эч кандай химикат кошулбайт. Бул окуу жайдын окумуштуулары ойлоп тапкан жумшак сыр менен суусундугу дагы бизге табигыйлыгы менен жагып, автордук укукту сатып алып жатабыз. Окумуштуулар азыктын курамын, даярдоо ыкмасын кандай кылышса, биз дагы дал ошондой бузбай туруп өндүрөбүз. Буюрса, Жаңы жылдан баштап өзүбүздүн өндүрүшүбүзгө авторлорду чакырып, өздөрүнүн көзөмөлүндө чыгарып баштайбыз, — дейт «Алайку Органикс» компаниясынын башкы директору А.Маметжанов.

Окумуштуулардын айтымында, «Дархан» жумшак сырынын курамына  ит мурундун сиробу, «Мумалак» суусундугуна буудай, жүгөрү, арпа талканы кошулат.

  • Негизи илимий изилдөө бир нече жылды талап кылат. Бул биздин эмгекке дагы бир топ күч, акыл, убакыт жумшалды. Мурун тамак-ашыбыздын, ичкен-жегенибиздин баардыгы табигый болсо, тилекке каршы, азыр түрдүү кошулмалар, генетикалык-модификацияланган организмдер (ГМО) кошулуп жатат. Анын ден соолукка кандай зыян алып келерин жакшы билебиз.  Бул биз ойлоп тапкан азыктардын өзгөчөлүгү — эч кандай концентрантсыз, табигый азыктар менен жасалышында. Бул жерде табигый стабилизатор колдонулат. Ден соолукка өтө пайдалуу, иммунитетти жакшы көтөргөн ит мурундун сиробу дагы кошулат. Мындай азыкты күн сайын жеп туруу сунушталат. Биздин эл өсүмдүктөрдү азырак, эт, камыр тамактарды көбүрөк жейт экенбиз. Ошондуктан азыктарга өсүмдүктөрдөн алынган компоненттерди коштук. Сактоо мөөнөтү дагы башка сырлардан  жогору, 14 күнгө чейин жетет, — дейт доцент А.Мамбетова.

«Мумалак» суусундугу кадимки эле сүттүн сары суусунан турат. Бул суусундуктун курамында организмге пайдалуу, жүрөк оорудан баштап ракка чейинки көп оорунун алдын алган касиет бар.

  • Тилекке каршы, сүттүн сары суусу өндүрүштө колдонулбай келет. Ошол эле сүт азыктарын чыгарган компаниялар сүттөн керектүү белокторду бөлүп алып, калган сары суусунун кандай пайдалуу экенин билбей туруп төгүп салып жатышат. Азыр бизде биринчи орунда жүрөк оорусу, экинчи орунда рак оорусу, андан кийин кант диабети турат. Ушул оорулардан сүттүн сары суусун ичип айыкса, оорунун алдын алса болот. Азыр биз элге эмнени жеп, эмнени жебеш керек экендигин көп айтышыбыз керек. Аларды саламат жашоого үндөшүбүз керек, — дейт кафедра башчысы М.Мусульманова.

Окумуштуулардын идеясын сатуу  КМТУнун  тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Мындай саамалык окумуштууларды мындан ары да шыктандырып, мурда жүзөгө ашыра албай келген ойлоп табууларын өндүрүшкө жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

  • Биздин максат дайыма өндүрүш менен биргелешип иштешүү, студенттерди практикага жиберүү, бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуу, илимий ачылыштарды жасап, аны рынокко чейин жеткирүү болуп саналат. Бүгүнкү түзүлгөн келишимден түшкөн каражаттын 10%  университеттин бюджетинде калат. Тилекке каршы, биз өзүбүз ойлоп тапкан азыктарды өзүбүз өндүрүп, рынокко чыгара албайт экенбиз. Мыйзамга туура келбейт экен. Негизи техникалык окуу жайларга чоң, кичи бизнеске аралашууга эркиндик берилиши керек. Учурда ушул маселе боюнча көптөгөн талкуулар жүрүп жатат, Өкмөт тарабынан дагы азыр бир долбор иштелип жатат. Мыйзамга өзгөртүүлөр кирип калса, өзүбүздүн технопарткан эле азыктарды чыгарып, рынокко алып чыгууга, өзүбүз акча табууга мүмкүнчүлүгүбүз жетет, — дейт окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаев.

 

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер