КМТУнун абанын булганышына каршы аракеттери

  • 30.01.2025
  • 0
 Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин министри Медер  Машиев жана анын командасы, ошондой эле Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев жана мэриянын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
КМТУнун абанын булганышына каршы аракеттери
Анын негизги темасы Бишкек шаарындагы абанын булганышына каршы жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр болду. КМТУнун профессордук-окутуучулук курамы тарабынан даярдалган аба булганышын азайтууга багытталган план сунушталды. Университеттин ректору абанын булганышын азайтуу боюнча илимий чечимдерди кенен түшүндүрдү.
КМТУнун абанын булганышына каршы аракеттери
Жолугушуунун жүрүшүндө аба булганышын азайтуу боюнча илимий сунуштарды ишке ашыруу жолдору талкууланып, экологиялык маселелерди чечүү боюнча кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алышуу болду. Бардык катышуучулар бул багытта андан аркы кызматташууну улантуу боюнча кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Бөлүшүү

Комментарийлер