КМТУГА ЖАҢЫ ЖАБДУУЛАР

  • 11.04.2024
  • 0

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине «Кыргызстандагы Лу Бань кесипканасы» долбоорунун алкагында окуу жабдууларынын биринчи бөлүгү келди.

КМТУГА ЖАҢЫ ЖАБДУУЛАР

Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2023-жылы Кытайга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыктарынын негизинде кабыл алынган келишимдердин алкагында аткарылып жатат. Ага эки мамлекеттин өкмөттөрү тарабынан жогорку деӊгээлдеги колдоо көрсөтүлүп жатат.

2023-жылдын 21-ноябрында И.Раззаков атындагы КМТУ, Чжэцзян суу ресурстары жана электр энергетика университети (ZJWEU), Чжэцзян транспорт институту (ZJIC), Zhejiang First Hydropower Construction Group Co. Ltd. жана Zhejiang Jiaogong International Engineering Co. Ltd компанияларынын ортосунда “Кыргызстандагы Лу Бань кесипканасын” түзүү боюнча беш тараптуу келишимге кол коюлган.

КМТУГА ЖАҢЫ ЖАБДУУЛАР

Долбоордун алкагында, кытайлык өнөктөштөр менен бирге Кыргызстанда жол жана көпүрөлөрдү, гидротехникалык курулуштарды куруу, энергетика жана машина куруу тармактарына эл аралык деӊгээлдеги жогорку квалификациялүү адистерди даярдоо иштери жүргүзүлөт.

И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору М.К. Чыныбаев биринчи жабдууларды кабыл алуу учурунда долбоордун Кыргызстандын өнүгүүсүнө салымы чоӊ болорун белгиледи.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер