КМТУДА ЖАҢЫЛАНГАН МЕДИЦИНАЛЫК ПУНКТ АЧЫЛДЫ  

  • 19.04.2021
  • 0

15-апрелде Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин  медициналык пункту жаңыланып, кайрадан  ачылды.

Медпункт университет менен Түштүк Кореянын «SiFo», «TIDE» жана «KOICA» компаниялардын кызматташтык келишиминин алкагында модернизацияланды.

Салтанаттуу ачылыш аземинде «KOICA» Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы директору Ли Жоң Су, анын орун басары Хоң Ын Хе жана «Fablab Bishkek» өндүрүш лабораториясынын аймактык директору Джо Жоң Вон болушту. Университеттин ректору М.Чыныбаевдин катышуусунда сыйлуу коноктор кызыл тасманы кесишип, андан соң заманбап медициналык аппараттар менен жабдылган кабинеттерге экскурсия уюштурулду. Белгилей кетсек, УЗИ аппараты, кычкылтек концентратору, ингалятор жана башка жабдуулар алынган. Ошондой эле Корея тарабынан гуманитардык жардам ирээтинде коронавирус пандемиясынын шартында жеке коргоонуу каражаттары (СИЗ) өткөрүлүп берилди.

Эки тараптын өз ара пайдалуу кызматташтыгы келечекте дагы уланмакчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер