КМТУДА СТУДЕНТТИК КҮН

  • 22.11.2018
  • 0

Студенттердин эл аралык күнүнө  карата И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинде салтка айланып келаткан «Студенттер күнү — 2018»  салтанат өткөрүлдү.

КМТУДА СТУДЕНТТИК КҮН

Иш-чара 2-3-курстун студенттеринин 1-курстун студенттерине  салтанаттуу түрдө  И.Раззаков атындагы КМТУнун жана Политехникалык колледждин  тууларын тапшыруу менен башталды.

Студенттер жамаатын окуу жайдын ректору профессор  Жаманбаев Мураталы жана Политехникалык колледждин директору Турусбекова Нурайым куттукташып, ийгиликтерди каалап, алардан келечекте чоң үмүт бар экендигин белгилеп өтүштү.

1-курстун студенттери ректор Мураталы Жүзүмалиевичтин, директор Нурайым Курманбековнанын, окутуучулардын жана 2-3-курстун студенттеринин алдында И.Раззаков атындагы КМТУнун татыктуу студенти болууга, кесиптик терең билим алууга, Мекенди сүйүүгө, эл аралык достук биримдигин бекемдөөгө, колледждин жана университеттин салттарын сактоого, ар дайым жоопкерчиликтүү, чынчыл, адилеттүү болууга ант беришти.

Андан соң 1-курсттун студенттерине сынак китепчелери жана студенттик билеттер тапшырылды.

Иш-чара заманбап бийлер, мукамдуу ырлар менен коштолду.  Маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү эстрада ырчысы Илияз Андаш обондуу ырларын жаңыртса, театр жана кино актеру “Бакас” тамашалуу ыры менен иш-чараны  шаңга бөлөдү.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер