КМТУда ШАЙЛОО: ЖЕТИНИН БИРИ РЕКТОР БОЛОТ

  • 13.12.2020
  • 0

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 16-декабрда ректордун шайлоосу болот. Ректор кызматына жети талапкер ат салышууда.

 

8-9-декабрда университетте ректор кызматына талапкерлер менен жолугушуу жыйындары өткөрүлдү. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жолугушуулар кезек-кезек менен көнүмүш болуп калган онлайн режиминде өттү. Чучукулактан тийген кезек боюнча талапкерлер өздөрүнүн программасы менен тааныштырып, кесиптештеринин суроолоруна жооп беришти.

Талапкерлердин арасында үч илимдин доктору, төрт кандидаты бар. Алардын ичинде бирөө айым.

КТУ Кыргызстандагы техникалык билим берүүнүн көзгө басар флагман окуу жайы. Кыргыздын техникалык өнөр устаттарынын баары ушул окуу жайдан окуп чыгышкан. Азыркы дүйнөлүк интеллектуалдык атаандаштык күчөгөн шартта бул университеттин интеллектуалдык, материалдык-техникалык базасын сактап калуу, өнүктүрүү, анын нарк-дөөлөттүү жакшы салттарын улантуу абдан маанилүү болуп турган убак.

 

КМТУда ШАЙЛОО: ЖЕТИНИН БИРИ РЕКТОР БОЛОТКМТУда көп жылдан бери иштеп келаткан илимдин доктору, профессор Бекжан Төрөбеков ушундай чоң милдетти аткарууга потенциалы жетиштүү, стратегиялык көз караштагы талапкер катары каралууда. «Билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер», «Билим берүүнүн отличниги».

Убагында мектепти алтын медаль менен аяктап, Киевдеги автожол институтун артыкчылык менен окуп бүтүргөн. Ошол жакта аспирантурада окуп, Россия, Түркия, АКШда кесиптик стажировкадан өткөн. АКШнын Цинцинати шаарында «Университетти башкаруу жана билим берүүнүн сапаты» программасы боюнча окуп келген. Прага шаарынан Евробиримдиктин «Билим берүүдөгү инновациялык технологиялар» курсунан өткөн. «Информациялык системанын негизинде жогорку окуу жайды башкаруу моделин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу» деген темада докторлук диссертациясын жактаган. Айтор, алган билими, басып өткөн жолу дал ушул жогорку окуу жайын башкаруу кызматына атайын кесиптик даярдык сыяктуу көрүнөт.

Кесиптик ишмердиги башынан бери техникалык университет менен бекем байланышта. 1981-жылы политехникалык институттун Оштогу филиалында эмгек жолун баштап, доцент, окуу бөлүм башчысы, декан, проректор, биринчи проректор болуп, педагогикалык административдик кызмат орундарынын бардык баскычтарында иштеди. 2003-жылы КМТУга которулуп, кафедра башчысы, биринчи проректор, өнүктүрүү боюнча проректор болуп кынтыксыз кызмат өтөп келатат.

Анын шайлоо программасында КМТУну улуттук инженердик билим берүүнүн лидери катары таанытуу, анын эл аралык кадыр-баркын көтөрүү, эл аралык рейтингдерге киргизүү максаты коюлган.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер